Жапаров түркиялык ишкерлерди Баткенге инвестиция салууга чакырды

12.11.2021, 12:01 Акчабар
Жапаров түркиялык ишкерлерди Баткенге инвестиция салууга чакырды

Президент Садыр Жапаров Стамбул шаарында Түркиянын ишкерлер чөйрөсү менен жолугушууда аларга Баткен облусуна инвестициялоону сунуштады. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.

Мамлекет башчысы түркиялык ишкерлерге облуска өзгөчө статус берилгендигин билдирип, бул аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсү аркылуу жашоонун сапатын жогорулатууну камсыз кыларын белгиледи. 

Ал түшүндүрүп бергендей, бул аймакка инвестиция салган ишкерлер салыктын төрт түрүнөн бошотулат. Алар: мүлк салыгы, жер салыгы, пайда салыгы жана сатуу салыгы. Муну менен бирге өндүрүштүк максаттагы, пайдалуу жана муктаж болгон буюмдарды ташып келүүдө бажы алымы 0%га түшүрүлүп, киреше салыгы 10%дан 5%га түшүрүлөт.

Жолугушууга Түркиянын кен казуу, курулуш, энергетика, маалыматтык технологиялар, жеңил өнөр жай, ошондой эле саламаттык сактоо жана билим берүү тармактарындагы ири компанияларынын өкүлдөрү катышышты.

Тэги: Баткенская область иностранные инвестиции Садыр Жапаров Турция

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу