Президент расмий сапар менен Казакстанга учуп кетти

18.04.2024, 16:10 Акчабар
Президент расмий сапар менен Казакстанга учуп кетти

Президент Садыр Жапаров бүгүн расмий сапар менен Казакстанга учуп кетти. Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин чакыруусу менен 18-19-апрелде боло турган сапардын алкагында мамлекет башчы казак президенти менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, эки тараптуу Жогорку мамлекеттер аралык кеңешинин алтынчы жыйынына катышат.

Ошондой эле Кыргызстан менен Казакстандын президенттеринин катышуусунда Астананын борбордук көчөлөрүнүн биринде Айкөл Манастын эстелигинин ачылыш аземи болот.

Сапарга карата "Кыргызстан – Казакстан" бизнес-форуму, аксакалдардын жана чыгармачыл интеллигенция өкүлдөрүнүн тегерек үстөлү, кыргыз-казак жаштар форуму, Жусуп Абдрахмановго арналган илимий-практикалык конференция жана илимпоздордун "Кыргызстан жана Казакстандын актуалдуу маселелерин чечүүдө илимди өнүктүрүү келечеги" атуу форум сыяктуу бир катар иш-чаралар белгиленген.

Тэги: президент расмий сапар Казакстан

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу