Президент Садыр Жапаров жумушчу сапары менен Түркмөнстанга учуп кетти

28.11.2021, 11:08 Акчабар
Президент Садыр Жапаров жумушчу сапары менен Түркмөнстанга учуп кетти

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 28-ноябрда, жумушчу сапары менен Түркмөнстандын Ашхабад шаарына учуп кетти.​

Сапардын алкагында Садыр Жапаров Экономикалык кызматташтык уюмунун (ЭКУ) 15-саммитине катышат.

Уюмга мүчө-мамлекеттердин мамлекет башчылары ЭКУ мейкиндигинде регионалдык экономикалык кызматташтыктын актуалдуу жана негизги темалары боюнча пикир алмашышат, ошондой эле Түркмөнстандын Уюмга жана анын уставдык органдарына төрагалыгынын жыйынтыгын чыгарары күтүлүүдө.

Белгилей кетсек, Садыр Жапаров бүгүн, 28-ноябрда, кечинде Бишкекке келет.

Тэги: Садыр Жапаров саммит Туркменистан экономическое сотрудничество

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу