Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун жубайы 5 миллион доллар алдамчылыкка айыпталып жатат. Бул тууралуу УКМК билдирди. 

 

 

Маалыматка ылайык, учурда Асановдун жубайына карата козголгон кылмыш иш УКМК тарабынан кылмыштардын жана жооруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки иш-аракеттер башталган. 

 УКМКнын басма сөз кызматы билдиргендей, У.К. аттуу жаран 2017-2018-жылдары А.О. аттуу жаранга жалпы ишкердикти жүргүзүү үчүн 5 миллион АКШ долларынан ашык суммадагы каражаттарды кайтарып берүүдөн баш тартууда.

УКМК алданып калган жаран чет өлкөлүк инвестор болгонун белгилеп, көрсөтүлгөн каражаттарды өлкөнүн керектүү долбоорлоруна өнүктүрүүгө жумшоону пландаштырган. Ошондой эле, жаран У.К. Кыргызстандын президенттигине талапкерлердин биринин жубайы. 

Сотко чейинки өндүрүш тергөө амалдары жүргүзүү үчүн прокуратурага жөнөтүлдү.

Булактардын айтымында, В.К. президенттикке талапкер Курсан Асановдун жубайы.