Президенттин иш башкармалыгы: Жаңы Ак үйдү атамекендик ишкана курат

18.04.2022, 13:00 Акчабар
Президенттин иш башкармалыгы: Жаңы Ак үйдү атамекендик ишкана курат

Президенттик администрациянын жаңы имаратынын курулушун атамекендик “TS Group” компаниясы жүргүзөт.Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалым болгондой, учурда жаңы имарат куруу үчүн алмаштырыла турган 16 га аянттагы жер тилкеси боюнча кошумча комиссиялык баа (экспертиза) жүргүзүлүүдө.

Эгер, 16 гектар жердин баасы административдик имараттын иш жүзүндөгү наркынан ашып кетсе, курулуш компаниясы башка зарыл объектилерди куруу боюнча кошумча кызматтарды көрсөтөт, - деп айтылат маалыматта.

Белгилеп кетсек, 16 гектар жерге шаардын азыркы планына интеграцияланган, өнүккөн инфраструктурасы бар заманбап көп функционалдуу комплекс курулары айтылууда.

Тэги: курулуш ак үй Президенттик Администрация

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу