Кыргызстанда мамлекеттик органдарда жана экономиканын бардык тармактарында маалымат алмашууну автоматташтыруу процесси башталды. Бир катар архивдик документтер санариптик форматка өткөрүлүп, кайталанган функциялары менен справкалар жоюлду. Бул тууралуу Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин (МТБМК) төрагасы Дастан Догоев президент Сооронбай Жээнбеков менен болгон жолугушуусунда билдирди.
Анын айтымында, санариптик платформа түзүлүп, ал жеке түзүмдөрдүн «Түндүк» Электрондук өз ара аракеттенүү тутумуна активдүү кошулуусун камсыз кылды.
Президент санариптик технологияны экономикага жана социалдык тармакка терең киргизүү максатында калктын, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин санариптик көндүмдөрүн жакшыртуу зарылдыгын баса белгиледи.