Министрлер кабинетинин алдында Жашыл энергетика фонду түзүлдү

16.11.2022, 14:03 Акчабар
Министрлер кабинетинин алдында Жашыл энергетика фонду түзүлдү

Министрлер кабинетинин алдында Жашыл энергетика фонду түзүлдү. Тиешелүү чечимге Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров кол койду. 

Бул чечим жашыл энергетика тармагында мамлекеттик башкаруунун натыйжалуу системасын калыптандыруу максатында кабыл алынды. 

Ошондой эле, Жашыл энергетика фонду жөнүндө жобо жана уюмдун башкаруу схемасы бекитилди.

“Жашыл энергетика фонду жашыл энергетиканы долбоорлоону, күтүүнү, субсидиялоону, оңдоону, реконструкциялоону, курууну жана өнүктүрүүнү каржылоо үчүн каражаттарды топтоо, ошондой эле энергиянын кайра жаралуучу булактарынын энергия үнөмдөөчү технологияларын иштеп чыгууга, өндүрүүгө жана киргизүүгө дем берүү максатында түзүлгөн мамлекеттик мекеме болуп саналат”,-деп айтылат маалыматта. 

 

Тэги: новости Кыргызстана зеленая энергетика фонд кабмин ВИЭ

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу