УКМК: Мамлекеттик ишкананын жетекчиси пара менен кармалды

19.05.2023, 14:18 Акчабар
УКМК: Мамлекеттик ишкананын жетекчиси пара менен кармалды

Мамлекеттик ишкананын директору 1 млн сом пара алып жатканда кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Ведомствонун маалыматына ылайык, кармалган мамлекеттик ишкананын директору инвесторлорду кендерди иштетүүгө лицензиясынан ажыратуу менен коркутуп, жаңыдан түзүлгөн компаниянын 20% акциясын жана 2,5 млн сом өлчөмүндө пара талап кылган.

"Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында 1 млн сом өлчөмүндө акча каражатын алып жаткан учурда Б.А.Т., ошондой эле экинчи шектүү "Б.А.Н." пара менен кармалды", - деп айтылат маалыматта.

Алынган далилдердин негизинде кармалгандар УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди, ага байланыштуу мыйзамда белгиленген мөөнөттө шектүүлөргө тиешелүү айып тагылып, тергөө мезгилиндеги соттук бөгөт коюу чарасы каралат.

Тергөөнүн жыйынтыгы менен бардык тиешеси бар адамдардын аракетине юридикалык баа берилет.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Тэги: новости Кыргызстана экономика Кыргызстана ГКНБ задержание госпредприятие

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу