«Бакай Банктын» акцияларынын кирешеси жыл ичинде 76,3%га өстү

02.11.2021, 09:08 Акчабар
«Бакай Банктын» акцияларынын кирешеси жыл ичинде 76,3%га өстү

“Бакай Банк” 2020-жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы боюнча дивиденддерди төлөө тууралуу маалымат берди. Ага ылайык, компаниянын 19 акционери баалуу кагаздардан киреше алууга укуктуу.

Жалпысынан дивиденддерди төлөөгө банк 185 миллион 536,7 миң сом бөлгөн.

Акционерлердин кирешеси 2019-жылдын акырына карата 215 млн 616,8 миң сом (-13,95%) төлөнүп берилген кирешеге салыштырмалуу жөнөкөй болуп калган.

Ошол эле учурда, "Бакай Банктын" финансылык отчетуна ылайык, акцияга түшкөн пайда жыл ичинде 76,3%га өсүп, бир акция үчүн 2,03 сомдон 3,58 сомго чейин өстү.

Эскерте кетсек, 2019-жылдын март айында "БТА Банк" ЖАК жана "Бакай Банк" ААК акционерлери "БТА Банк" ЖАК акцияларын "Бакай Банк" ААКга сатуу жолу менен эки банкты бириктирүү чечимин кабыл алышкан. Ал эми 2020-жылдын башында реорганизациянын акыркы этабы өтүп, анын алкагында "Бакай Банк" ААК Юстиция министрлигинде кайра каттоодон өткөн.

Тэги: Бакай банк Кыргызстан дивиденды акции

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу