Башкы инкассациялык кызматтын кирешеси төрт эсе өстү

11.08.2023, 12:24 Акчабар
Башкы инкассациялык кызматтын кирешеси төрт эсе өстү

"Кыргызинкас" башкы инкассатор кызматынын кирешеси 2022-жылы дээрлик төрт эсеге өстү. Маалыматты компаниянын каржылык отчету далилдейт.

Алсак, 2021-жылдын жыйынтыгы боюнча накталай инкассация кызматынын кирешеси 13,3 миллион сомду түзсө, 2022-жылы 53,1 миллион сомду түзүп, төрт эсеге өскөн.

Ккирешенин көбөйүшүнө эмне себеп болгонун тактоого азырынча мүмкүн болгон жок. Бирок бул компаниянын кызматтарына суроо-талаптын санынын өсүшүнө байланыштуу болушу мүмкүн деп божомолдоого болот. Анткени 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча коммерциялык банктардын кирешесинин өсүшү да 6,5 эсе болгон.

"Кыргызинкас" Улуттук банктын туунду ишканасы болуп саналат.

Тэги: новости экономика Кыргызстана Кыргызинкас НБКР

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу