Февраль айынын аягында Улуттук банктын кирешеси 3 миллиард 30 миллион 468 миң сомду түздү. Бул тууралуу жөнгө салуучу органдын финансылык отчетунда берилген.
Маалыматка ылайык, быйылкы көрсөткүч 2022-жылдын февраль айына салыштырмалуу 481 млн 214 миң сомго, же 13,7%га азайган.
Ошол эле учурда, Улуттук банк 9 миллиард 436 миллион 826 миң сом бөлүштүрүлбөгөн пайданы топтоду. Бул 2022-жылдын февраль айына салыштырмалуу 244 миллион 317 миң сомго көп.
Кошумчалай кетсек, быйыл январь айынын аягында Улуттук банктын кирешеси 1 миллиард 353 миллион сомду түзгөн.