Былтыр Улуттук банктын кирешеси 9,4 млрд сомдон ашты

18.01.2023, 11:15 Акчабар
Былтыр Улуттук банктын кирешеси 9,4 млрд сомдон ашты

Былтыркы жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын Улуттук банкынын кирешеси 9 миллиард 436 миллион 826 миң сомду түздү. Мындай маалыматтар банктын финансылык отчетунда келтирилген.

Көрсөткүч 2021-жылга салыштырмалуу 9,2 млрд сомдон 2,65%га өскөн.

Белгилеп кетсек, декабрь айында Улуттук банктын кирешеси 620 миллион 446 миң сомду түзгөн.

Эске салсак, Улуттук банк пайда көрүү максатын көздөбөйт. Анын кирешеси жүргүзүлүп жаткан акча-кредит саясатына жараша түзүлөт жана ага эл аралык резервдерди башкаруудан, банктарга жана эл аралык уюмдарга берилген кредиттерден, мамлекеттик баалуу кагаздардан, чет өлкө валютасы жана алтын менен операциялардан түшкөн кирешелерден пайыздык киреше кирет.

Тэги: новости Кыргызстана прибыль Нацбанк деньги

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу