Ушул жылдын төрт айында Кыргызстанга мамлекеттик ишканалар жана республиканын Улуттук банкы тарабынан которулган пайда түрүндө 150 миллион 989,9 миң сом түшкөн.
Көрсөткүч 2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 3 млрд 925,2 млн сомду түзүп, 96,2%га азайган.
Бюджетке чегерилген пайданын дээрлик бардыгы мамлекеттик жана муниципалдык ишканалардын акчасы болуп, алар 150,9 миллион сом которгон. Бул бир жылда 33% га азайган.
Мында Кыргызстандын Улуттук банкы бюджетке түшкөн пайданын азайышына эң чоң таасирин тийгизген. Өткөн жылдын январь-март айларында которулган 3,7 миллиард сомдун ордуна казынага 114 миң сом гана түшкөн.