2020-жылы Кыргызстандагы камсыздандыруу компаниялары 1.7 млрд сом киреше табышкан. Өсүү өткөн жылга салыштырмалуу 6.3% түздү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттен билдиришти.
Кирешелердин башкы бөлүгү камсыздандыруу төгүмдөрүнөн түшкөн. Муну менен катар, камсыздандыруу компанияларынын таза кирешеси 275 млн сомго жеткен. Бул 2019-жылга салыштырмалуу 41% жогору.
Белгилей кетсек, түзүлгөн келишимдердин жалпы санындагы милдеттүү жана ыктыярдуу камсыздандыруунун үлүшү бирдей бөлүнгөн.
Ошол эле учурда бекитилген келишимдердин дээрлик 87% физикалык жактар менен түзүлгөн.
Кошумчалай кетсек, Кыргызстанда 15 камсыздандыруу компаниялары бар.