Ушул жылдын 1-октябрынан тарта өнөктөш банктар "Бакай Банк", "Айыл Банк" жана "РСК Банк" бюджеттик мекемелердин кызматкерлери үчүн "Менин үйүм 2021-2026" программасынын алкагында "Жеңилдетилген ипотека" багытындагы арыздарды кабыл алууну убактылуу токтотту. Бул тууралуу Мамлекеттик ипотекалык компаниянын сайтында маалымдалды.
Бул чечим ипотекалык насыяга болгон суроо-талаптын көптүгүнө байланыштуу болгон.
“Бюджеттик чөйрөнүн кызматкерлери үчүн “Жеңилдетилген ипотека” багытында арыздарды кабыл алууну калыбына келтирүү өнөктөш банктарда учурдагы арыздарды кароонун жыйынтыгы боюнча башталат. Күнү жана убактысы Мамлекеттик ипотекалык компаниянын сайтында кошумча көрсөтүлөт", - деп билдирди ишкананын басма сөз кызматы.
Ошол эле учурда Бишкек жана Ош шаарларынын тургундарынын бардык категориялары үчүн иштелип чыккан "Жеткиликтүү ипотека" багыты боюнча арыздарды кабыл алуу белгиленген чектерде жүргүзүлөт. Ошондой эле "Жеткиликтүү ипотека" багытында Бишкек жана Ош шаарларын кошпогондо, Кыргызстандын аймактарындагы жарандардын бардык категориялары үчүн ипотекалык насыялар түздөн-түз өнөктөш банктар "РСК Банк", "Коммерциялык Банк Кыргызстан" жана "Кыргыз инвестициялык-кредиттик банк" аркылуу берилет.