«Элкарт» улуттук картынын ээлери үчүн мобилдик телефон аркылуу бир нече секунд ичинде дээрлик бардык операцияларды жүзөгө ашырууга мүмкүндүк берген «Элкарт Мобайл» тиркемеси иштелип чыккан. Бул тууралуу Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов билдирди.
«Учурда «Элкарт Мобайл» тиркемесин пайдалангандардын саны 83 миңден ашты. Алар аркылуу 1,5 млн транзакция ишке ашырылган. «Банктар аралык процессинг борбору» ЖАК тарабынан 2019-жылдын 1-мартынан тартып «Элкарт Мобайл» мобилдик тиркемеси аркылуу QR-кодун (эки өлчөмдүү штрих-код) колдонуу менен төлөмдөрдү жүргүзүү боюнча долбоор ишке киргизилген, бул соода түйүндөрүнө мобилдик телефон аркылуу нак эмес формада төлөмдөрдү кабыл алууга өбөлгө түзөт», — деп билдирди Абдыгулов.