Өлкөдө керектөө бааларынын жана тарифтердин өсүшү 9,6% түздү

15.08.2022, 11:07 Акчабар
Өлкөдө керектөө бааларынын жана тарифтердин өсүшү 9,6% түздү

Ушул жылдын январь-июль айларында өткөн жылдын декабрына салыштырганда республика боюнча керектөө бааларынын жана тарифтеринин өсүшү 9,6% түздү. Мындай маалыматты Кыргызстандын Экономика министрлиги билдирет.

Мында алкоголдук ичимдиктерге жана тамеки буюмдарына баалар 12,9%га, тамак-аш азыктарына жана алкоголсуз ичимдиктерге - 12,6%га, азык-түлүк эмес товарларга - 5,6%га, калкка көрсөтүлгөн кызматтарга тарифтер 4,9%га жогорулады.

Бул мезгилде эң көп баалар кум шекерге - 41%, унга - 25,5%, жаңы мөмөлөргө - 20,7%, сүт азыктарына - 16,7%, нанга - 14,5%, гречкага - 14,3%, балыкка - 13,4%, алкоголсуз суусундуктар - 13,2%, козу - 12,9%, уй эти - 7%, жаңы жашылчалар -3.7%га кымбаттады.

2022-жылдын январь-июль айларында өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу керектөө бааларынын жана тарифтеринин жогорулашы республиканын бардык аймактарында байкалды.

Тэги: потребительские цены Кыргызстан прирост цен

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу