2022-жылы Чүй облусуна түз чет элдик инвестициянын агымы 196,6 млн. долларды түздү. Бул тууралуу Улуттук инвестиция агенттиги билдирди.
Инвестицияларды өнүктүрүү боюнча Кемин жана Жайыл райондору алдыңкы орунда турат.
"2020-жылдан бери Улуттук агенттик Чүй облусунда жалпы суммасы 175 млн. долларга 5 инвестициялык долбоорду ишке ашырды. Облуста жалпы суммасы 1,5 млрд. долларлык 70 демилгеленген инвестициялык долбоор бар. ЕККУнун долбоорунун негизинде "Өлкөнүн аймактарында инвестициялык паспортторду даярдоонун алкагында” 4 инвестициялык паспорт даярдалды”, - деп белгилешти Улуттук инвестициялык агенттиктен.