"Биринчи микрофинансылык компания" ЖАК расмий түрдө "Кыргыз инвестициялык-кредиттик банкы" ЖАКына өттү. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасы билдирди.
Мындай чечимди KICB акционерлери 1-июнда кабыл алышкан.
1-августтан тарта Юстиция министрлигинде кайра каттоо жүргүзүлдү. "Биринчи микрофинансы компаниясы" ЖАК катталган учурдан тартып өз алдынча юридикалык жак катары ишин токтотту.
Белгилеп кетсек, "Биринчи микрофинансылык компания" ЖАК штаб-квартирасы Швейцарияда жайгашкан Ага Хан микрофинансы агенттиги тарабынан негизделген.
Компания республика үчүн мал чарбасы жана дыйканчылык, соода, кичи жана орто бизнес сыяктуу стратегиялык багыттарды өнүктүрүү, турак-жай шарттарын жакшыртуу жана билим берүү үчүн микрокредиттерди берип келген.