«Менин үйүм 2021-2026» программасынын пайыздык чендери 4% га чейин төмөндөйт

10.06.2021, 09:20 Акчабар
«Менин үйүм 2021-2026» программасынын пайыздык чендери 4% га чейин төмөндөйт

Мамлекеттик ипотекалык компаниянын "Менин үйүм 2021-2026" жаңы турак жай программасынын пайыздык чендери 4% га чейин төмөндөйт. Бирок, ага чейин бардык тобокелдиктерди эсептеп чыгып, каржылоо булактарын аныктоо керек болот. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов программаны талкуулоодо билдирди. 

Өкмөттүн басма сөз кызматы белгилегендей, Марипов ипотекалык компаниянын негизги милдети республиканын жарандарын максималдуу санда жеткиликтүү турак жай менен камсыз кылуу деп эсептейт.

“Мамлекеттик жеңилдетилген турак-жай менен камсыз кылуу социалдык жактан маанилүү программа. Бирок, ипотекалык компания бул милдеттенмелерди өзүнө алгандыктан, бул милдеттенмелер кандайча жана кандай мөөнөттө аткарыларын көрсөтүү керек”, - деди министрлер кабинетинин төрагасы.

Өз кезегинде “Мамлекеттик ипотекалык компания” ААК башкармалыгынын төрайымы Аида Төлөгөнова ижарага берилүүчү турак-жайларды андан кийин сатып алуу менен механизмин иштеп чыгуу боюнча иштер жүрүп жаткандыгын айтты. Мындан тышкары, мамлекеттик ипотекалык насыялоо секторуна каражаттар баалуу кагаздарды чыгаруу жана жайгаштыруу, ошондой эле мамлекеттик ипотекалык насыялоо секторуна инвестицияларды тартуу жолу менен тартылат.

Тэги: ГИК госипотека

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу