Бүгүн, 17-мартта Кыргыз фондулук биржасынын системасында “Кредиттик союздардын финансы компаниясы” ачык акционердик коомунун баалуу кагаздары менен бүтүм катталды. Маалымат биржанын сайтында жайгаштырылган.
Аукциондун жыйынтыгында 1 млн сомго 1 млн 204 миң 819 даана акция сатылды. Акциянын баасы 0,83 сомду түздү.
13-марттагы акыркы соода сессиясынан бери акциянын баасы 6,25%га жогорулады.