Былтыркы жылдын аягында “Wildberries” компаниясында кыргыз өнүмдөрүн сатуу 361%га өсүп, товар жүгүртүү 10,7 млрд рублге жеткен. Бул тууралуу аталган компаниянын басма сөз кызматы билдирди.
Алсак, былтыр Кыргызстанда “Wildberries” аркылуу товарларын саткан ишкерлердин саны 7,8 миңге жеткен.
Кийим-кече, аксессуарлар, азык-түлүк, косметика жана тиричилик буюмдары эң популярдуу болгон.
“Кыргызстандын чакан бизнес өкүлдөрү менен динамикалуу өнүгүп жаткан кызматташтык бизди кубандырат. 2023-жылы биз өнөктөштүктү мындан ары кеңейтүүнү жана онлайн платформабызда бизнести дагы да ыңгайлуу, жеткиликтүү жана коопсуз кылууга жардам бере турган жаңы технологиялык чечимдерди киргизүүнү пландап жатабыз”, - деп билдирди “Wildberries” маркетплейсинин басма сөз кызматы.