«Айыл чарбаны каржылоо – 7» долбоорун 10 миң фермер колдоду

10.12.2019, 15:30 Акчабар
«Айыл чарбаны каржылоо – 7» долбоорун 10 миң фермер колдоду

2019-жылдын 6-декабрына карата «Айыл чарбаны каржылоо – 7» долбоорунун алкагында 5 118,4 млн. сомго 9 946 жеңилдетилген насыя берилди. Анын ичинен өсүмдүк өстүрүүчүлүккө 1 156 млн. сомго 2 859 жеңилдетилген насыя, мал чарбачылыкка – 2 614,7 млн. сомго 6 757 жеңилдетилген насыя, кайра иштетүүгө жана айыл чарбасындагы кызмат көрсөтүүлөргө – 1 347,7 млн. сомго 330 жеңилдетилген насыя берилди деп жазылат, Каржы министрлигинин маалыматында. 

Эске сала кетсек, «Айыл чарбаны каржылоо – 7» долбоору Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 28-январындагы № 28 токтому менен бекитилген.

Аталган долбоордун алкагында коммерциялык банктардын жана финансылык-кредиттик мекемелердин финансылык каражаттары өсүмдүк өстүрүүнү, мал чарбачылыкты жана айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүнү өнүктүрүү үчүн  жылына жеңилдетилген 6, 8 жана 10 пайыздык чен менен берилүүдө.

 

 

Тэги: ФСХ-7 фермерство льготные кредиты

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу