Тиркеме аркылуу каалаган жаран мамлекеттик баалуу кагаздарды сатып ала турган Каржы министрлиги менен MegaPay компаниясынын долбоору тоңдурулду. Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйынында Каржы министри Алмаз Бакетаев билдирди.
Ал белгилегендей, бул MegaPay компаниясынын продукцияны өз убагында даярдабагандыгы менен байланыштуу.
"Биз акыркы продукцияны ала элекпиз, долбоор ушул себептен улам кечигип жатат. Бирок, башка компаниялардан сунуш түшсө, биз аларды кароого даярбыз”, - дейт Алмаз Бакетаев.