Өзүнүн макроэкономикалык серебинде ЕӨБ жакынкы үч жылда банк иштеп жаткан аймактын улуттук валюталары АКШ долларына карата кандай мамиле кылары боюнча болжолун жасады. Анда алты өлкөнүн – Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Орусия жана Тажикстандын маалыматтары камтылган.
Серепчилер 2022-жылдагы кырдаалдын өнүгүшүнүн базалык сценарийи боюнча драм, орус рубли жана сомони АКШ долларына карата бекемделерин, ал эми беларус рубли, теңге жана сом алсыраарын белгилешүүдө.
2023-жылга карата көрүнүш бир аз башкача болот. Ошентип, драмдан башка бардык улуттук валюталар АКШ долларына карата алсызданат. Беларус рубли эң көп чөгүп, 11,46%га төмөндөйт.