“Газпромбанктын” жетекчилиги менен Кыргызстандын министрлер кабинети мамлекеттик сатып алуулар тармагында кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшту. Бул тууралуу Каржы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Документке кол коюу Петербургдагы эл аралык экономикалык форумдагы жолугушуунун жыйынтыгында өттү.
“Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар евразиялык мейкиндикте өнөктөштүктүн маанилүүлүгүн баса белгилеп, өз ара аракеттенүүнүн негизги багыттарын аныкташты. Тактап айтканда, банк Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигин Россияда өндүрүлгөн товарларды сатып алуу үчүн түз каржылоо маселесин карайт жана ыйгарым укуктуу банктар менен биргеликте алардын максаттуу пайдаланылышына көзөмөлдү камсыздайт”, - деп айтылат Финансы министрлигинин билдирүүсүндө.
Ошондой эле инвестициялык жагымдуулукту жогорулатуу үчүн Кыргызстанга рейтингдик консалтинг тармагындагы кызматтар көрсөтүлөт.
Документке Финансы министринин орун басары Руслан Татиков жана “Газпромбанктын” биринчи вице-президенти Владимир Буско Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун жана “Газпромбанктын” башкармалыгынын төрагасынын орун басары Владимир Рыскиндин катышуусунда кол коюшту.
Мындан тышкары, тараптар бир катар биргелешкен иш-чараларды, анын ичинде Кыргызстандын бизнес-коомчулугунун өкүлдөрү менен бир катар семинарларды жана конференцияларды өткөрүүнү пландаштырууда.