Тамеки өндүрүүчүлөр продукциянын курамы боюнча отчет берүүгө милдеттендирилет

20.05.2022, 11:45 Акчабар
Тамеки өндүрүүчүлөр продукциянын курамы боюнча отчет берүүгө милдеттендирилет

ЕАЭБдин чегинен тышкары тамеки буюмдарын өндүрүүчү ишканалар продукциясынын курамы боюнча эсеп жүргүзүүгө милдеттүү. Бул тууралуу ЕЭК сайтында маалымдалды.

Мындай чечим тамеки буюмдарынын жана алар чыгарган заттардын эсебин жүргүзүү максатында кабыл алынган. Документтин тиешелүү формасы Евразиялык экономикалык комиссиянын кеңеши тарабынан бекитилген.

“Отчеттун бекитилген формасы ЕАЭБ өлкөлөрүнүн саламаттыкты сактоо органдарына тамеки буюмдарын өндүрүүчүлөрдөн алардын курамы, тамекиге кошулган ингредиенттер, колдонулган тамеки эмес ингредиенттер, ошондой эле алар чыгарган заттар жөнүндө маалымат алууга мүмкүндүк берет”, - деп айтылат билдирүүдө.

Жаңы процедура кийинки жылдан тарта электрондук форматта иштей баштайт. Маалыматты өткөрүүдө жана сактоодо купуялуулук сакталат.

Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, ушул жылдын январь-март айларында Кыргызстанда 164,8 тонна тамеки өндүрүлгөн, бул 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 20,7%га аз.

Тэги: производство сигарет табачная продукция ЕАЭС

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу