Ушул жылдын июль айында Кыргызстанда иш жүзүндө учурдагы баада 21 миллиард 179,8 миллион сомго өнөр жай продукциясы өндүрүлгөнүн Улуттук статистикалык комитети билдирди.
Бул өткөн жылдын ушул айына салыштырмалуу 20.99% га аз. Төмөндөө Ысык-Көл облусунда өндүрүштүн 3,3 млрд сомго (-50,7%) жана Чүйдө 9,4 млрд сомго (-29,14%) кыскарышына байланыштуу болгон.