Ушул жылдын январь-июнь айларында ЕАЭБдин бардык категорияларындагы чарбаларда айыл чарба продукциясы 39 миллиард долларды түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,6%га өстү. Мындай маалыматты Евразиялык экономикалык комиссия билдирди.
Евразия экономикалык биримдигинин бардык өлкөлөрүндө өсүш байкалган. Арменияда олуттуу өсүш катталды, ал 20%ды түздү, эгерде 2021-жылы айыл чарба продукциясы 572 миллион долларга өндүрүлгөн болсо, быйыл бул көрсөткүч 686,8 миллион долларды түзсө, Орусияда 17,6 пайызга өсүш болду.
Казакстанда өндүрүш 9,9%, Белоруссияда 7,4% өстү.
Кыргызстанда айыл чарба продукциясын өндүрүү дээрлик 15% өсүп, бул жылы өндүрүштүн көлөмү 1 миллиард 81,6 миллион долларды түздү.
Эске салсак, быйыл айыл чарбасын өнүктүрүү үчүн Айыл чарба министрлигине бюджеттен 26 миллиард сом бөлүнгөн.