Кийимди убактылуу алуу сатуу көйгөйүн чечет – Bloomberg

28.03.2019, 17:19 Акчабар
Кийимди убактылуу алуу сатуу көйгөйүн чечет   – Bloomberg

 Европа менен АКШ  кийимдерди сатуу төмөдөдө. Эгерде мурда аялдар бир кундүк кече үчүн туфли же көйнөк алууга акчасын коротсо, азыр алардын ордуна ресторанга баруу менен саякатоого каражат коротууда. Ошондуктан, кийимдерди бир кече же сүрөткө түшүү үчүн эле убактылуу пайдалануу сатылбай  жаткан кийимдердин көйгөүн чечет деп билдирет  «РБК»  Bloomberg  басылмасына таянып.

Кийимдерди убактылуу  пайдалануу кызматы Bloomberg  анализи боюнча социалдык түйүндөгү сүрөт үчүн кымбат кийимди кийип, бирок колдонууга ашыкпагандар үчүн төп келет. Айрыкча, сатуудан чыгаша тартып жаткан соодагерлерге  бул кызмат жакмак. Анткени, айрым кардарлар кымбат баалуу кийимди  сатып алып, бир нече күн колдонгондон кийин "жакпай калды" деген шылтоо менен  кайтарып берип, соодагерлер чыгаша тартып келишет. 

Mintel  жүргүзгөн талдоосунда  Британиядагы сатып алуучулар бир нече амалкөйлүк  жасаарын билишкен. Көрсө, он-лайн режиминде интернеттен сатып алган кийимдердин жарымы кайра кайтарылат экен.  Ошондуктан, буюмду сатып эмес, аны убактылуу берүү соодагерлерге ынгайлуу. 

Кийимдер кайтарылып жаткандыктан   ретейлер үчүн ижарага берүү алардын чыгымдарын актайт. Анткени, колонулган кийимдерди тазалоо, оңдоого дагы каражат кетиришет. Ошондуктан, абдан арзан кылып сатканча, убактылуу ижарага берүү эки тарап үчүн пайдалуу. 

Бул тенденцияга байланыштуу H&M швед фирмасы кийимдерин ижарага берүүнү баштады.  Бул багытта американын Express компаниясы дагы баштады.

Тэги: одежда Европа продажи

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу