Прокуратура Бишкек мэриясына 15 млн сомго жер тилкелерин кайтарып берди

21.05.2021, 12:00 Акчабар
Прокуратура Бишкек мэриясына 15 млн сомго жер тилкелерин кайтарып берди

Прокуратура наркы 15 миллион сомдон ашкан беш жер тилкесин мамлекеттин менчигине кайтарып берди. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Бишкек шаарынын Ленин районун текшерүү учурунда, райондук администрациянын кызматкерлери тарабынан жарандардын менчигине жалпы наркы 11 922 000 сомду түзгөн төрт жер тилкеси мыйзамсыз жол менен берилгендиги аныкталды. 

Мындан тышкары, Ленин районунун администрациясынын жооптуу кызматкерлери жеке адамдарга 3 миллион 97 миң сомдук жер тилкесин мыйзамсыз беришкен, ал буга чейин борбордун капиталдык курулушунун мамлекеттик администрациясына 754 окуучуга ылайыкташтырылган мектепти долбоорлоо жана куруу үчүн мерчемделген.

Натыйжада жогорулагы жер тилкелери мамлекеттин менчигине кайтарылды. 

Тэги: прокуратура кономика земельные участки

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу