Ар бир прокурор 246дан кем эмес кылмыш ишин изилдеп чыгышы керек

25.10.2019, 13:04 Акчабар
Ар бир прокурор 246дан кем эмес кылмыш ишин изилдеп чыгышы керек

Кыргызстанда укук коргоо органдары менен прокурорлордун иликтеп жаткан кылмыш иштеринин жүгү оорлоду. Бул тууралуу «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын отурумунда Башкы прокуратуранын ыкчам-издөө ишмердүүлүктү жана тергөөнү көзөмөлдөө боюнча башкармалыктын башчысы Замир Бейшекеев билдирди.

Анын айтымында, көзөмөлдөө боюнча башкармалыктын ар бир прокурору айына 246дан кем эмес кылмыш ишин изилдеп чыгышы керек.

«Бул физикалык жактан мүмкүн эмес. Биз өкмөткө тергөөчүлөрдүн жана прокурорлордун бирдигин көбөйтүү тууралуу тиешелүү кат жолдодук», -деди Замир Бейшекеев.

 

Тэги: прокурор кылмыш иши кыргызстанда 246

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу