БУУӨП Кыргызстандагы аялдардын ишкердигине 300 миң доллардан ашык каражат бөлдү

20.11.2021, 15:55 Акчабар
БУУӨП Кыргызстандагы аялдардын ишкердигине 300 миң доллардан ашык каражат бөлдү

БУУнун Өнүктүрүү программасы Финляндиянын Тышкы иштер министрлигинин каржылык жардамы менен бизнестеги аялдарды колдоо үчүн 300 миң доллардан ашык каражат бөлдү. Бул тууралуу БУУӨПтүн Кыргызстандагы туруктуу өкүлүнүн орун басары Моника Рижал аялдардын ишкердик күнүнө арналган иш-чарада билдирди.

Бөлүнгөн каражатка насаатчылык жана гранттарды берүү кирет.

Рижал Республиканын экономикасына аялдардын кошкон салымын баалабай коюуга болбойт, деп баса белгиледи. Алсак, расмий статистикага ылайык, Кыргызстанда 2021-жылдын башына карата экономикалык ишмердүүлүктүн түрлөрү боюнча аялдардын иш менен камсыз болушу 38,4% түзөт. Алардын басымдуу бөлүгү социалдык ишкердик, жеңил өнөр жай, сулуулук индустриясы, соода, туризм жана коомдук тамактануу тармактарында эмгектенишет.

Тэги: женское предпринимательство Кыргызстан ПРООН поддержка

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу