“Кыргызстандын улуттук электр тармагы” ААКнын жетекчилиги Бишкек шаарындагы ири соода борборлорунда кубаттуулуктун жана электр энергиясынын иш жүзүндөгү нормасын уруксат берилген көлөмгө ылайык пайдалануу боюнча текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди.
Маалым болгондой, уруксат берилген өлчөмдөн ашыкча электр энергиясы катталган эмес.
Ошентсе да энергетиктер ири соода борборлорду жылытуу үчүн электр энергиясын колдонбоону өтүнүүдө.