"Кыргызалтын" ААКнын акционерлеринин кезексиз жалпы чогулушунун жыйынтыгы боюнча ишканага 2021-жылга аудит жүргүзүү үчүн компания тандалды. Бул тууралуу мекемеден билдиришти.
Маалыматка ылайык, "Кыргызалтында»" көз карандысыз аудит жүргүзүү "Эйч ЭлБи Марка Аудит" ЖЧКга тапшырылды. Ачык булактардан белгилүү болгондой, компания 2019-жылдын 11-октябрында кайра каттоодон өткөн. ЖЧКнын директору болуп Айсулуу Асылбекова көрсөтүлгөн.