Кыргызстанда жашоо минимуму 13,5% өстү

14.10.2022, 12:05 Акчабар
Кыргызстанда жашоо минимуму 13,5% өстү

Кыргызстанда 2022-жылдын III кварталында жашоо минимумунун көлөмү жан башына орточо эсеп менен 7 миң 242,09 сомду түзүп, өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 13,5%га өстү. Мындай маалыматты Улуттук статистикалык комитет билдирет.

Жашоо минимумунун наркынын өсүшү бардык аймактарда белгиленди.

"Анын эң жогорку баасы Жалал-Абад облусунда түзүлдү – 7495 сом. Бул республикалык орточо көрсөткүчтөн 10,8% ашат. Эң төмөнкү көрсөткүч Талас облусунда белгиленди – 6 миң 584 сом, бул орточо республикалык деңгээлден 12,5% төмөн”, - деп белгилешти Улуттук статистикалык комитеттен.

Тэги: новости Кыргызстана прожиточный минимум

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу