Бишкекте жашоо минимуму 8,7%га өстү

22.08.2022, 12:20 Акчабар
Бишкекте жашоо минимуму 8,7%га өстү

Бишкек шаарында 2022-жылдын экинчи кварталында калктын жан башына жашоо минимумунун орточо баасы 8,7%га өсүп, 7 миң 452 сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитет билдирди.

Ал эми ушул жылдын январь-май айларында чакан ишканаларды эсепке албаганда бир кызматкердин орточо айлык номиналдык эмгек акысы 22 миң 927 сомду түздү. Сумма 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 19,8%га өскөн.

Ошол эле учурда Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, айына тамак-аш азыктарына 4,7 миң сомдон кем эмес, азык-түлүк эмес товарларга 1,1 миң сом, кызмат көрсөтүүлөргө 1,2 миң сом жана салыктарга 146 сом сарпталат.

Тэги: прожиточный минимум Кыргызстан Бишкек

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу