Кыргызстанда 2022-жылы жашоо минимуму 7 339,7 сомду (83,95 доллар) түздү. Бул тууралуу Улуттук банктын материалдарында айтылат.
Жашоо минимумунун эң жогорку деңгээли Жалал-Абад облусунда белгиленди – 7 миң 731,9 сом. Жашоо минимумунун эң төмөнкү көрсөткүчү Талас облусунда 6 миң 731,9 сомду түзөт.
Белгилей кетсек, Казакстанда жашоо минимуму 103,28 доллар, Өзбекстанда 48,8 доллар, Орусияда 203,69 долларды түзөт.