Алмата — Ыссык-Көл түз жолу ИДПнын көлөмүн 439 млн $ көбөйүүсүнө өбөлгө түзөт

08.01.2021, 15:15 Акчабар
Алмата — Ыссык-Көл түз жолу ИДПнын көлөмүн 439 млн $ көбөйүүсүнө өбөлгө түзөт

Алмата — Ыссык-Көл альтернативдүү жолу Казакстан менен Кыргызстандын ИДПсын 31 $ — 165 млн $ жана 53 $ — 439 млн $ жогорулатууга өбөлгө түзөт. Бул тууралуу Азия өнүктүрүү банкынын отчетунда айтылат. 
 

 

Банктын эксперттери белгилеп кетишкендей, Чолпон-Атага казакстандык туристтер тоону айланып, 460 чакырым жолду басып өтүшүп, 6.5 саат убакытта келип жатышат. Ошол себептен алар түз жолдун узундугун 80 чакырымга узартууну сунушташууда. Бул туристтердин санынын көбөйүшүнө дагы шарт түзөт. 

Түз маршруттун курулушуна Озерный ашуусуна 16 чакырым туннель болусуу керек. Андан сырткары, Казакстандын Иле-Алатау улуттук паркы аркылуу транспорт кыймылын уюштуруу керек. Долбоордун алдын ала баасы 587 млн долларды түзүүдө. 

Азия өнүктүрүү банкы маселенин чечилсүүнүн дагы эки вариантын кароодо: 

  • Алматы – Узунагаш – Кемин батыш шагыл жол үчүн — 81 млн доллар, асфальт жол үчүн — 94 млн доллар керектелет. Масанчи аркылуу 14 чакырым тоннель жолуна 518 млн доллар керектелет; 

 

  • Чыгыш жолуна: Алматы – Турген– Ассы – дарыя өрөөнү Шилик — дарыя өрөөнү, Байсар — Ананьево аркылуу 12 чакырым туннель куруу керектелет. Жолдон жеңил автоунаалар, автобустар жана жеңил жүк ташуучу унаалар өтө алат. Долбоордун баасы 468 млн долларды түзөт. 

 

Тэги: альтернативная дорога туризм ВВП АБР

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу