«Ак-Куу» канаттуулар фабрикасы өндүрүштү кеңейтет

25.11.2021, 15:02 Акчабар
«Ак-Куу» канаттуулар фабрикасы өндүрүштү кеңейтет

“Ак-Куу” ачык акционердик коомунун акционерлери өндүрүштү кеңейтүү үчүн “Халык банктан” насыя алууну жактырышты. Мындай чечим 18-ноябрда өткөн кезексиз жалпы жыйында кабыл алынды.

Атап айтканда, акционерлер "Халык Банкта" кредиттик линияны ачуу аркылуу канаттуулар фабрикасынын бизнес чөйрөсүн кеңейтүүнү жана өнүктүрүүнү жактырышты.

"Кредиттик линия күрөө менен камсыздалат. Тиешелүү келишимдерге кол коюу ыйгарым укуктары компаниянын башкы директоруна берилген", - деп айтылат компаниянын маалыматында.

Ошондой эле, баалуу кагаздардын ээлери компаниянын башкы директору түзө турган бүтүмдөрдүн жана келишимдердин суммасына чектөөлөрдү алып салышты.

Тэги: Ак-Куу птицефабрика кредит Халык Банк деньги местное производство

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу