Айдаркен сымап комбинатынын кызматкерлери иш таштады

31.03.2023, 10:56 Акчабар
Айдаркен сымап комбинатынын кызматкерлери иш таштады

Бүгүн эртең менен Айдаркен сымап комбинатынын жумушчулары маяна төлөнбөй жатканына байланыштуу эскертүү иретинде иш таштоого чыгышты. Бул тууралуу Кыргызстандын тоо-кен металлургиялык профсоюзунун Борбордук комитетинин төрагасы Эльдар Тажибаев билдирди.

Комбинаттын профсоюз комитетинин төрагасы Тайыр Мурзарахматовдун айтымында, ушул жылдын январь жана февраль айларында карыздарды төлөө талабы менен акциялар өткөн. Андан кийин айлыктын бир бөлүгү төлөнүп берилген. Бирок учурда кызматкерлер февраль айынын айлыгын ала элек жана карыз 12 миллион сомдон ашты.

Ошондой эле жабдуулардын жана техникалык каражаттардын запастык бөлүктөрүн, жардыргыч материалдар менен камсыз кылуу, кызматкерлерге жумуш кийимдерин жана коргонуу каражаттарын берүү көйгөйлөрү бар.

Учурда комбинатта 600дөн ашык адам иштейт. "Айдаркен сымап" акционердик коому түркиялык "Дуваташ" компаниясы менен сымап, сурьма жана флюоритти казып алуу жана кайра иштетүү боюнча биргелешкен иш-аракеттерди жүргүзүү боюнча келишим түзгөң.

Бирок белгилүү бир себептерден улам түрк өнөктөштөрүндө каржылоо маселеси бар.

Кыргызстандын тоо-кен металлургиялык профсоюзу "Дуваташ" ЖЧКсынын жетекчилигине эмгек акы боюнча карызды төлөөнү, ал эми мамлекеттик органдарга инвесторлорго керектүү жардам көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылды.

Ошону менен бирге кызматкерлерге өндүрүш процессин жандандыруу жана жамааттык эмгек талаш-тартыштарын сүйлөшүү жолу менен гана чечүү зарылчылыгы тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Тэги: экономика новости Кыргызстана забастовка Хайдарканский ртутный комбинат

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу