Москвадагы кыргыздардын 14 млн рублдик маянасы өндүрүлдү

24.07.2023, 12:46 Акчабар
Москвадагы кыргыздардын 14 млн рублдик маянасы өндүрүлдү

Жыл башынан бери Москвада маянасын алалбай жатканы тууралуу кыргыз жарандарынан 245 кайрылуу түшкөн. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.

Министрликтин бул шаардагы өкүлчүлүгүнүн көмөгү менен 193 кыргызстандыкка маянасы төлөттүрүлүп берилди жана анын жалпы суммасы 14 миллион рублден ашты.

Расмий маалыматка караганда, жылына Мамлекеттик миграция кызматынын Москвадагы өкүлчүлүгүнө болжол менен 2,5 миңдей жаран кеминде 150-200 миллионго рублге чейин төлөнбөгөн эмгек акы тууралуу арыз менен кайрылат. 

Тэги: экономика Новости Кыргызстан заработная плата мигранты в Росси

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу