Тоң районунун Жер-Үй айылында А. Көлбаев атындагы мектептин жаңы имаратынын курулушу башталды. Бул тууралуу президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгү билдирди.
Маалыматка ылайык, мектеп 150 окуучуга ылайыкталган. Мектептин эски имараты 1980-жылы курулган.
“Жаңы имаратты курууга республикалык бюджеттен 113 млн. сом бөлүндү”, - деп айтылат маалыматта.