Казинодо эсептешүүлөр сом менен гана жүргүзүлөт

13.05.2023, 09:00 Акчабар
Казинодо эсептешүүлөр сом менен гана жүргүзүлөт

Улуттук банк онлайн казинолор, виртуалдык казинолор, ошондой эле Интернетте кумар оюндарынын субъекттери жүзөгө ашыра ала турган кумар оюндарынын башка түрлөрү чөйрөсүндө төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү жүргүзүүгө талаптарды аныктады.

Документте Кыргыз Республикасынын аймагында банктык төлөм карталарын пайдалануу менен бардык төлөмдөр улуттук валюта – сом менен жүргүзүлүшү керектиги белгиленген.

"Төлөм валютасы тараптардын макулдашуусу менен аныкталганда, экспорттук кызматтарды жеткирүү келишимдерин кошпогондо, кызмат көрсөтүүлөрдүн баасы сом менен жана валюта курсуна таянбастан көрсөтүлүшү керек", — деп жазылган документте.

Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Тэги: новости Кыргызстана Нацбанк КР казино

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу