Кыргызстанда 16 жылдын ичинде коммуналдык-маданий муктаждыктарга электр энергиясын керектөө, калкты камсыз кылууну кошкондо 161,6% өстү. Мындай эсептөөлөрдү “Акчабар” Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына таянып жасады.
2005-жылы бул муктаждыктар 4 миллиард 138 миллион 600 миң кВт/саатты талап кылган. 2021-жылы бул көлөм 10 миллиард 827 миллион кВт саатка жеткен.
Ошол эле учурда республиканын электр энергия ресурсу 16 жыл ичинде 12,95%га гана өстү – 2005-жылдагы 14 млрд 891 млн 800 миң кВт/сааттан 2021-жылы 16 млрд 820 млн 900 миң кВт/саатка чейин.