Ноябрь айында Жогорку Кеңештин аппаратынын чыгымдары 53 миллион 834,1 миң сом деп пландаштырылган. Бул тууралуу каржы министрлиги билдирди.
Парламенттин чыгымдары октябрь айына пландаштырылган чыгымдарга салыштырмалуу 32,5% га, же 13,2 млн сомго көбөйөт.
Үстүбүздөгү жылдын январь айынан октябрь айына чейин Жогорку Кеңеш 466,8 миллион сом сарптагандыгын, бул үстүбүздөгү жылга белгиленген пландын 67,4% түзгөндүгүн кошумчалайбыз.