Быйылкы жылга республикалык бюджеттин чыгашаларынын жалпы көлөмү финансылык активдерди эсепке албаганда 344 миллиард 29,2 миллион сом өлчөмүндө белгиленип, ИДПга карата 37,1% түзөт.
2022-жылга бекитилген чыгашага (291 млрд 234,6 млн сом) салыштырмалуу өсүш 52 млрд 794 млн сомду түзөт.
2024-2025-жылдарга карата республикалык бюджеттин чыгашалары финансылык активдерди эсепке албаганда, тиешелүүлүгүнө жараша 375 миллиард 807,4 миллион сомду жана 420 миллиард 314 миллион сомду түзөт.