Быйыл тогуз айда кыргызстандыктар онлайн оюндар үчүн төлөм уюмдары аркылуу 24 миллион сом коротушкан. Бул тууралуу жөнгө салуучу орган билдирди.
Бардыгы болуп, каралып жаткан мезгилде онлайн-оюндарга төлөө үчүн 59,1 миң транзакция жасалган. Ошентип, орточо транш 406 сомду түздү.
Чейрек боюнча алганда, кыргызстандыктар июль-сентябрь айларында онлайн-оюндар үчүн эң көп 9,7 миллион сом которгон. Бул 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 3,24 эсе аз. Анда оюндарга 31,4 миллион сом сарпталган.
Кошумчалай кетсек, 2020-жылы онлайн оюндар үчүн төлөм уюмдары аркылуу төлөнүүчү эң жогорку чек 807 сом, эң төмөнкү чек 2018-жылы 375 сомду түзгөн. Ошол эле учурда, 2022-жылы орточо чек 2021-жылга салыштырмалуу 19,6% га төмөндөдү.