Былтыр ТИМдин чыгашалары дээрлик 87%га көбөйгөн

18.01.2022, 10:38 Акчабар
Былтыр ТИМдин чыгашалары дээрлик 87%га көбөйгөн

Тышкы иштер министрлигинин 2021-жылдагы бюджети 3 млрд 391 млн сомду түзүп, 86,7%га көбөйгөн. Мындай маалыматты Каржы министрлигинен билдиришти.

Анын ичинде бюджеттик каражаттардын чыгашасы 132,5 млн сомго көбөйүү менен 1 млрд 457,6 млн сомду, атайын эсептин чыгашалары мурда бекитилген бюджетке салыштырмалуу 1 млрд 442,3 млн сомго көбөйүү менен 1 млрд 933,3 млн сомду түздү.

Буга чейин эсепке алынбаган чыгашалар себеп.

Мындан тышкары атайын эсептин каражаттарынын жалпы көлөмүнүн 1 млрд 442,3 млн сомго көбөйүшү жыл башындагы 969,7 млн ​​сом өлчөмүндөгү каражаттардын калдыгын бекитүүгө байланыштуу. Ошондой эле, каражаттарды эффективдүү пайдалануу максатында Тышкы иштер министрлигинин атайын эсебинде топтолгон каражаттардын көлөмү 472,6 млн сомго көбөйтүлдү.

Тэги: МИД расходы бюджет Кыргызстан

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу