Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин быйыл январь айындагы чыгашасы 182 миллион 382,3 миң сомду түздү. Бул тууралуу Каржы министрлигинин материалдарында айтылат.
Маалыматка ылайык, каражаттын басымдуу бөлүгү (90,25%) имараттарга жана курулушка жумшалган. Ага жалпысынан 164 млн 593,4 миң сом кеткен. Андан тышкары, эмгек акыга, чегерүүлөргө 14 млн 703,4 миң сом бөлүнгөн.
Соцфондго 1 млн 81,2 миң сом жумшалган.